31.10.2018 16:14

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучулары кайрадан иш ташташты

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучулары кайрадан иш ташташты

Бүгүн 31-октябрда Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучулары кайрадан иш таштап, нааразылык акциясына чыгышты.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, Балыкчы шаарына чогулган 50дөн ашык жумушчу акыркы үч айдан бери айлык ала электигин айтып, маяна төлөнүп берилгенден кийин гана ишке киришерин айтып турушат.

Нааразы болгон жумушчулар менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев жолукту.

Ал Транспорт жана жол министрлиги менен байланышып, жумушчулардын айлык маянасы боюнча маселе бир жумада чечилерин айтты.

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу — өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. Маселени мурдараак парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген.